• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, интеллегенция өкүлдөрү, жазуучунун жакындары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев жазуучулук менен катар агартуучулук менен да алектенген Жунай Мавляновдун өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгилеп: “Мен агай менен бир нече жолу жолугуп, баарлашкам. Баарына бирдей караган бийик адамгерчилиги, көп нерсеге көзү жеткен кеменгерлиги менен айырмаланган мыкты инсан эле”, – деп эскерди.

Ал эми Эдил Байсалов Жунай Мавлянов тарыхта өз орду бар инсан экенин баса белгилеп: “Жазуучунун чыгармачылыгы кылымдан-кылымга мурас болуп, келечек муунга өрнөк, баскан жолу үлгү болот деп ишенем”, - деп билдирди.

Министрдин орун басары Айнура өлкөнүн өнүп-өсүшүнө салым кошкон инсандарды ар качан баалап, даңктап туруу керектигине токтолуп: “Жунай Мавляновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча жазуучунун кичи мекенинде атайын кече уюштурулду. Бүгүн борбор калаабыз Бишкекте А.Осмонов атындагы улуттук китепканада китеп көргөзмөсү ачылды. Өз өмүрүн элдин руханиятын байытууга, агартуучулукка, адабияттын өнүгүшүнө зор салымын кошкон Жунай Мавлянов сыңдуу залкар инсандарыбызды даңктап туруубуз зарыл деп эсептейм”- деди.

Эске салсак, залкар инсан СССРдин эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдардан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Жазуучунун ысымы Кербен шаарындагы лицей интернатка жана Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине берилген.

Пикир

Оставить комментарий