Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 6, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1өрт катталган.

Бишкектин Дордой-1 конушунда турак үйдүн 3-кабатында жалпы аянты 50 чарчы метр 2 уктоочу бөлмө үй эмеректери менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылында эЭки кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий