• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМ сууга чөккөн жарандарды издөөнү улантууда

Кырсык 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Куткаруучулар республиканын ар кайсы аймактарында сууга чөккөн 5 адамдын денесин издөөнү улантып жатат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Алай районунда куткаруучулар 58 жаштагы малчынын сөөгүн издеп жатышат. Ал 6-июлда Көк-Суу суусуна аты менен кошо кулап кеткен.

Ноокен районунда 8 жашар баланын денеси изделүүдө. Ал сууга түшкөнү келгенде агып кеткен.

Мындан тышкары Аксы районунда 33 жаштагы эркек кишинин денеси изделүүдө. Ал Жаңы-Жол айыл аймагында 4-июль күнү сууга чөгүп кеткен. Учурда издөө иштери уланууда.

Ошондой эле, Чаткал районундагы алтын өндүрүүчү ишканалардын биринин кызматкери изделүүдө. Ал 4-июлда Курулуш айылындагы арыктардын бирине агып кеткен.

5-июлда Бишкек аркылуу аккан БЧКнын суусуна 27 жаштагы эркек иши агып кеткени билдирилген.

ӨКМ кызматкерлери жогоруда аталган жарандарды издөө иштерин улантып жатат.

ӨКМ жыл башынан бери республика боюнча 57 адам сууга акканын билдирди. Алардын бешөө - аял,16сы - бала. Кырсыктын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Чүйдө -16 адам көз жумган. Алардын экөөсү Бишкекте болгон. Ош, Жалал-Абад облустарында 11-кырсык катталса, Таласта-6, Ысык-Көлдө 5 жана Нарында 1 адам сууга аккан.

Пикир

Оставить комментарий