Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 15.05.24./Кабар/. Бишкекте 15-16-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эки күнгө созулган кино күндөрүндө көрүүчүлөргө өзбек тасмалары "Россия" кинотеатрында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Программасы:
- 15-май, саат 18:30 - "Абдулла Орипов" (режиссер М.Эркинов);
- 16-май, саат 16:30 - "Стойкость" (режиссер Р.Маликов), саат 18:10 - "Өзбек кызы" (режиссер А.Бектурдиева) тасмалары тартууланат.

Кинолор көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Белгиленгендей, маданий иш-чара Кинематография департаменти, Кыргызстан кинематографисттер союзу, "Кыргызтасмасы" киноборбору" мекемеси жана Өзбекстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттиги менен биргеликте уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий