• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министр Жаманкулов бир катар маданият кызматкерлерие сыйлыктарды тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата маданият жана искусство тармагына үзүрлүү эмгек өтөгөн алдыңкы кызматкерлер "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сыйлоо Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.

Сыйлануучулардын арасында борбордогу жана аймактардан келген театр, окуу жай, музей, кино, китепкана, эстрада, кол өнөрчүлөр, райондук маданият бөлүм башчылар бар.

Пикир

Оставить комментарий