• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бүгүн "Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасынын расмий ачылышы болот

Маданият 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын расмий ачылышы болуп өтөт.

Расмий ачылыш кечки саат 19:00дө Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда болот. Анда келген коноктор жана шаар тургундары үчүн концерттик программа көрсөтүлөт.

Бул иш-чарада Кыргызстандын ырчы-бийчи өнөр адамдарынан тышкары, түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, якутиялык этно-ырчы Юлияна Кривошапкина жана башка өнөрпоздор конок болушат.

Пикир

Оставить комментарий