• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Азамат Жаманкулов Түркия президентинин башкы кеңешчиси менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгындагы маданий гуманитардык алакалар боюнча баарлашып, алдыда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда аталган оюндарды өткөрүүдө бар тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий