• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Эл аралык театр күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Бишкекте Эл аралык театр күнү белгиленди. Иш-чара күн мурун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов, жалпы театр ишмерлери жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чара алгач кыргыз театрынын тарыхын баяндаган тасма менен башталды.

Андан соң, министр улуу искусствого кызмат кылган өнөр ээлерин эл аралык театр күнү менен куттуктап, чыгармачылык эргүү жана бекем ден соолук каалады.

Салтанаттуу иш-чара шаардагы театр оюн-зоок мекемелери тарабынан даярдалган коюлум менен уланды

Пикир

Оставить комментарий