• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Добуш сатып алууга жол берилбесин! — ИИМ жетекчиси эртеңки шайлоого карата тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери жыйынга онлайн форматта катышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоо керектигин белгиледи.

Эске салсак, 28-апрелде Баткен, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан шайлоо өтөт.

ИИМ башчысы шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, бир дагы аймакта мыйзам же одоно тартип бузууларды болтурбоону тапшырды.

"Жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдары, күч түзүмдөрү жана шайлоо комиссиялары менен чогуу иш алып барып, шайлоочуларды ташуу, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо эрежесин бузуу сыяктуу элдин кыжырын келтирген фактылар алдын алынсын. Айрыкча, добуш сатып алууга катуу бөгөт коюлсун", - деп баса белгиледи министр.

Ошондой эле Ниязбеков массалык тартип же мыйзам бузууларга жол бербей, одоно укук бузууларга бөгөт коюлушу керектигин да кошумчалады.

"Эгерде, шайлоого байланыштуу мыйзам же тартип бузуулар орун алып, коомчулук арасында талкуу жараткан окуялар каттала турган болсо, “алдын алуу жумуштарын жүргүзө албаган жетекчилерге жана кызматкерлерге катуу тартиптик чаралар көрүлө турганын эскертем", - деди ал.

Шайлоого байланыштуу министрдин орун басарлары Баткен жана Ош облустарына, Ош шаарына барып, коопсуздукту жеринде координациялоо жумуштарын алып барыша.

"Бир дагы жетекчи же кызматкер саясатка аралашпасын. Жергиликтүү жетекчилер бул тапшырманы катуу көзөмөлгө алып, шайлоону мыйзам бузуусуз өткөрүүнү уюштуруңуздар” - -деди Улан Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий