• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек мэри Жунушалиев "Газпромбанк Лизинг" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ГПБ банктын (АК) аткаруучу вице-президенти, «Газпром Лизинг» ААКнын башкы директору Максим Калинкин менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда шаар турмушу чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечеги, атап айтканда, атайын техникаларды жаңылоо, жолдорду куруу жана башка инфраструктуралык долбоорлор талкууланды.

Айбек Жунушалиев коммуналдык кызматтар үчүн атайын техниканы лизингге сатып алуу маселесин кароого даяр экенин билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында каржылоо шарттарына баа берүү жана өзгөчөлүктөрүн талдоо мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго тапшырылды.

Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий