• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бакуда кыргыз-азербайжан интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.04.24./Кабар/. Бүгүн Азербайжандын Баку шаарында кыргыз-азербайжан интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда эки элдин достугу, адабияттагы, маданиятттагы жана музыкасындагы байланыштар тууралуу талкуу өттү.

Иш-чара КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов төрагалыгы астында болду.

Кыргыз-азербайжан мамлекеттери ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында өтүп жаткан тегерек столдун катышуучулары маданий-гуманитардык чөйрөдөгү көп жылдык кызматташтык, бул процесске маданий баарлашуунун жаңы багыттарын колдонуу учурда мамилелердин өнүгүү тенденциясы күч алып жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле жыйында мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, маданияттарыбызды тереңдетүүгө жана өз ара түшүнүшүүгө өбөлгө түзгөн көргөзмөлөр, концерттер, маданият жумалыктары, кино жумалыктары салтка айланганы, ошондой эле эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин ортосундагы тыгыз байланыш кеңири талкууланып, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүүнү сунушташты.

Талкуу учурунда Азербайжандын Улуттук китепканасына Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер Кыргызстандын бурчуна жайгаштыруу үчүн белекке берилип, бул кадам Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк бериле тургандыгы айтылды.

Тегерек столго Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Баатыры Шеримкулов Медеткан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев Мелис, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бегалиев Муратбек, Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору. Т. Сатылганова Кыргыз Республикасынын эл артисти Осмонов Кыргызбай, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, ф.и. д., профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакашова Жылдыз, Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри, "Кыргызстандын дипломаттары"коомдук бирикмесинин төрагасы Түмөнбаева Жаңыл жана Ч. Айтматов эл аралык фондунун президенти Эльдар Айтматов катышты.

Ал эми, Азербайжан тараптан Азербайжан Республикасынын УИАнын президенти, Милли Межлистин мүчөсү, академик Иса Габиббейри, Азербайжан Республикасынын коомдук ишмери, тилдер институтунун ректору, академик Камал Абдулла, Азербайжан Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Абдуллаев, Азербайжандагы Ататүрк борборунун жетекчиси, Улуттук Межлистин депутаты, академик Низами Джафаров, Улуттук Консерваториянын ректору, Азербайжан Республикасынын эл артисти, профессор Сиявуш Керими, Азербайжан Республикасынын мурдагы Тышкы иштер министри, мамлекеттик ишмер, профессор Гасан Гасанов, Азербайжан Республикасынын Эмгек сиңирген журналисти, "Манас"эпосунун калемгери Адил Жамил-Башчы катышты.

Жолугушуу Азербайжан Улуттук китепканасында орун алып, кыргыз делегациясы үчүн китепканага экскурсия уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий