• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. “Манас” кинотеатрында “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” VIII эл аралык кинофестивалынын лауреттарынын аттары жарыяланды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлайт.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

-Эл аралык сынактын эң мыкты тасмасы наамына – “Миллиард”, реж. Евгений Дудчак, Молдова;

- Эл аралык сынактын эң мыкты башкаруу (режиссура) наамына – “Чай”, реж. Шокир Холиков, Өзбекстан;

- Эл аралык сынактын калыстар тобунун атайын байгеси - “Муза”, реж. Рауно Полман, Эстония;

- Эл аралык сынактын калыстар тобунун атайын диплому - “8 минут”, реж. Гиорги Гогичаишвили жана Давид Абрамишвили, Грузия;

- Эл аралык сынактын көрүүчүлөр сүймөнчүлүгүнүн байгеси – “Киноман”, реж. Аскар Нуракун уулу;

- Улуттук сынактын эң мыкты тасмасы – “Прощай”, реж. Караш Жанышов;

- Улуттук сынактын мыкты башкаруусу (режиссура) – “Учитель”, реж. Ибадылла Аджибаев;

- Улуттук сынактын калыстар тобунун атайын байгеси – “До конца”, реж. Бектемир Пратов;

- Улуттук сынактын көрүүчүлөр сүймөнчүлүгүнүн байгеси– “Испытание”, реж. Бакай Усеналиев;

Эскерте кетсек, фестиваль 12нен 15-декабрга чейин Манас кинотеатрында өттү.

Бул жылы кинофестиваль Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган. Аталган иш-чаранын алкагында тасмалар улуттук жана эл аралык болуп эки номинацияда көрсөтүлгөн. Бул жылы фестивалга 500гө жакын улуттук жана чет өлкөлүк кинематографисттерден катышуу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Улуттук сынакка 15 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 картина кирген.

Кинофестивалдын программасына бир гана көркөм тасмалар эмес, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык кинолор кирген.

Калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү кинематографисттери Рашид Маликов, Сатыбалды Нарымбетов, Александр Соломонов, Сафар Хакдодов жана Нурлан Абдыкадыровдор кирген.

Пикир

Оставить комментарий