• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Түркияда Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кызуу белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кызуу белгиленип, “Ак-Деңизде Айтматов ааламы” аттуу эскерүү кечеси уюштурулган.

Аталган эскерүү кечесин “Кыргыз эли” коомунун жетекчиси Айдай Орунтаева, Маданият иштери боюнча башчысы Рысгүл Кадырова демилгелеп, Ак-деңиз университети, Түрк Ожаклары, Түрк дүйнө платформасы жана Муратпаша муниципалитети биргелешип эки кече өткөрүлгөн.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, биринчиси аталган окуу жайдын Адабият факультетинде башталып, ал жакта жазуучунун өмүр баяны, басып өткөн жолу жөнүндө видеоматериалдар жана даярдалган синевизиондор тартууланды. Мындан сырткары Айтматовдун жаркын элесине арналып жазылган ырлар окулуп , кыскача концерттик программа менен коштолгон.

"Ал эми экинчиси Укук факультетинин чоң концеренция залында болуп, алгач аталган окуу жайдын Көркөм өнөр факультетиндеги Музыка бөлүмүнүн музыканттары менен жандуу музыканын коштоосу менен бир сааттык терең сезимдерге жетеледи. “Кыргыз эли” коомунун демилгеленген концерт жылуу кабыл алуу менен уланды. Концерт Орто Азиядан Анадолуга ыргактар түрүндө жаңырып келгендерди кубандырды", - деп айтылат маалыматта.

Айтматовдун эскерүү кечесине жалпысынан 500дөн ашуун адам катышкан.

Концертке конок болуп келген адамдар Айтматов Шекспир, Толстойдон кийин эң чоң жазуучу болгондугун эске салып, ошону менен бирге бул бир гана кыргыз жазуучу эмес дүйнөлүк адабиятка чоң салымын кошкон улуу инсан экендигин, аны менен сыймыктанаарын айтып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий