• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кербен шаарында Комуз күнү белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Күн мурун Кербен шаарынын борборунда Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, майрам 100 баланын коштосунда чертилген “Маш ботой” күүсү менен ачылып, андан ары ыр, бий, күүлөр коштолуп, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.

Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жалпы келген конокторду комуз күнү менен куттуктап, кереметтүү күүлөрдү жаратып, маданий мурас болгон музыкалык аспаптардын кылымдан кылымга сакталып калышына зор салым кошуп жаткан ар бир инсанга тереӊ ыраазычылык айтылды.

Пикир

Оставить комментарий