• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Элдар Айтматов жазуучунун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн Оштун элине ыраазычылыгын билдирди

Маданият 0

Ош, 05.11.18. / Кабар/. Элдар Айтматов Кыргызстандын элине жана Ош шаарынын жашоочуларына атасы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Ал Ош шаарындагы иш-чаралар жүрөктү жылытып, жан дүйнөнү козгоп жатканын белгиледи.

“Бизди жакшы тосуп алышты. Баары жогорку деңгээлде өтүп жатат. Айрыкча, артист, музыкант жана театралдык оюндар көңүлүмө толду. Бул жерде жашы да, карысы да, тагыраагы баардык муундар катышып жатат”, - деди ал.

“Мен Кыргызстандын элине, айрыкча Ош элине 90 жылдыкты жогорку деңгээлде уюштуруп жатканына ыраазымын. Бул жакта президент Сооронбай Шарипович менен чогуу жүрөбүз. Чыңгыз Айтматовдун мааракесинин урматына салтанаттуу иш-чаралар болуп жатканына президентке да ыраазычылык билдирем”, - деп кошумчалады Элдар Айтматов.

Пикир

Оставить комментарий