• 87.86
  • 93.94
  • 1

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, бүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 адамдын сөөгү табылган.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, өлтүрүлгөндөр бир үй-бүлө – 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгондордун денесинен көптөгөн жаракаттар табылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, ал мурда адам өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылган, Ак-Башат айылынын жашоочусу 1976-жылы туулган К.Н. болуп чыккан.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө өзгөчө оор кылмышка шектүүнүн тоолордун арасына жашырынганы аныкталган. Кармоо учурунда кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий