• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абаддык бүтүрүүчү АКШнын 10 университетине окууга өтүп, $1 млн грант утуп алды

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев АКШнын 10 университетине окууга өтүп, 1 млн доллар грант утуп алган бүтүрүүчү Теңизбек Токтомушевди кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Теңизбек Токтомушев "Курманбек баатыр" балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Ыйгарым укуктуу өкүл бул көрсөткүч облустун билим берүү тармагындагы чоң жетишкендиги экенин айтып, Теңизбекти окуудагы жараткан ийгилиги менен куттуктады.

Сыргабаев алдыңкы окуучулар облустун сыймыгы жана эртеңки келечеги экенин белгилеп, алдыда туура кесип тандап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты кадр, татыктуу инсан болуусун каалап, мындагы жетишкендикте лицей мугалимдеринин эмгеги чоң экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Теңизбек Токтомушев 2006-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Ал 7-класска чейин С.Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүү мектебинде окуп, андан кийин "Курманбек баатыр" атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алган.

Пикир

Оставить комментарий