• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандыктар жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште 4 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 05.11.18. / Кабар/. Кыргыз спортчулары жиу-житсу боюнча эл аралык Russia National Pro 2018 мелдешинде 4 медаль жеңди. Бул тууралуу БАЭнин жиу-житсу федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш 4-ноябрда Москвада өткөн.

Жиу-житсунун No-Gi (кимоносуз) бөлүгүндө 83 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Муртазали Муртазалиев Азербайжан жана Россиянын өкүлдөрүн жеңип, чемпион аталган. Ошондой эле Муртазали Муртазалиев Gi (кимоно менен) бөлүгүндө да күч сынашып, жеңүүчү болду. Ал россиялык каршылаштарын - Дмитрий Зоренко менен Андрей Ланинди уткан.

No-Gi (кимоносуз) бөлүгүндө 75 килограмм салмак ченинде чыккан Аднан Магомедов күмүш медалдын ээси болгон. 71 килограмм салмакта күч сынашкан Иса Ахмедов коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий