• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте алгачкы жолу жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт

Консерваториянын администрациясынан билдиришкендей, форум 24-27-май күндөрү өтүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган.

Форумга Россия, Кытай, АКШ, Франция, Венгрия, Польша, Германия, Италия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Вьетнам сындуу 15 өлкөнүн 28 музыкалык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана белгилүү маданият ишмерлери катышат.

Форумдун алкагында музыкалык окуу жайларга чыгармачылык жаатында баарлашуусуна, тажрыйба алмашуусуна жана жаңы эл аралык байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берген мейкиндик түзүлүп, жыйынтыгында жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюулат.

"Кыргызстан бул күндөрү өзүнүн музыкалык салттарын жана жетишкендиктерин дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу менен ири маданий борборго айланат. Форумдун коноктору көрүнүктүү музыка ишмерлери менен унутулгус жолугушууларга, ошондой эле жаңы чыгармачылык ийгиликтерге күбө болушат", - деп белгилешти уюштуруучулар.

Форумдун программасы:

24-май

10:00 - Музыкалык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун Эл аралык форумунун расмий ачылыш аземи (Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залы);

18.00 – 20.00 - Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара (Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залы).

25-май

15.00 – 16.30 - Искусство чеберлеринин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрүнүн концерти (Чолпон Ата шаары., Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору).

26-май

16.00 – 18.00 - Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган композиторлордун чыгармаларынан турган концерт (А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, чоң залы).

27-май

10:00 - Маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринен студенттерге мастер-класстар (К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы)

Пикир

Оставить комментарий