• 87.86
  • 93.94
  • 1

Садыр Жапаров Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Ирандын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты.

Мамлекет башчысы Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.

Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Ирандын президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты.

Ал Эбрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи.

Садыр Жапаров Эбрахим Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты.

Ал жерде президент Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахиян жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий