• 87.86
  • 93.94
  • 1

Дарыгердин депозити 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат – президент

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Дарыгердин депозити 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, 1-июлдан тарта алыскы аймактардагы дарыгерлердин саны 500гө чейин көбөйтүлөт.

“Алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында, дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүүнү тапшырам. Ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий