• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Эртең Бишкек шаарында "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: Санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн лидерлик" темасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун жыйыны өтөт.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Межлисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова катышат. Тажикстан өкмөтүнө караштуу аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода баштаган Тажикстандын делегациясы онлайн режиминде катышат.

Отурумдун алкагында Жашыл экономика: "Социалдык жана экологиялык инновацияларды алга жылдырууда аялдардын ролу", Санариптик экономика: "Аялдар жана санариптик чечимдер", Креативдүү экономика: "Борбор Азиядагы аял инноваторлор, ойлоп табуучулар-жаңы чечимдер" сыяктуу тематикалык пленардык сессиялар өткөрүлөт. Ошондой эле дипломатиялык корпустун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогу региондогу аял парламентарийлердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бейформал аянтча болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий