• 87.86
  • 93.94
  • 1

Социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган 600 кишиге 200 миң сомдон насыя берилет – президент

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган 600 кишиге 200 миң сомдон насыя берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, “Социалдык контракт” программасы өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Буга байланыштуу мындай чаралардын алкагы дагы кеңейтилет.

“Жакырчылыктан чыгууга мүмкүндүк берүүчү социалдык контракттын ар кандай жаңы форматтарын карап жатабыз. Мисалы, мурда социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашыра алган эң алдыңкы 600 кишиге банк аркылуу эң төмөнкү пайызда 200 миңден сом насыя берүү каралууда”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий