Кыргыз эл артисти, обончу, ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет.

Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында болмокчу. Башталышы саат 18:00дө.

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган.

1970-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, 1974-1979-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

1963-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына хордун артисти, 1970-1976-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, 1979-1982-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, 1982-жылдан баштап Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.

2010- жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий