• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамагенттикке кайрылгандардын саны жыл ичинде 6,5 эсеге өстү

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылгандардын саны жыл ичинде 6,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Алмамбет Касымбеков билдирди.

Ал белгилегендей, агенттик өз ишин өткөн жылдын жаз айларында баштаган. 2022-жылы ведомство тарабынан жеке маалыматтарды коргоо боюнча жарандардын 20 кайрылуусу каралган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кайрылуулардын саны 130дан ашты.

“Бул биринчиден, биздин агенттиктин актуалдуу болуп жаткандыгынан кабар берет. Ал эми экинчиден, жарандардын жеке маалыматтарына карата аң-сезими жана жоопкерчилиги жогорулагандыгынын көрсөткүчү”, - деди Касымбеков.

Ошондой эле ал белгилегендей, агенттик тарабынан жеке маалыматтарды коргоо боюнча тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

“Жыл башынан тарта биз онлайн-оффлайн форматында 30дан ашуун тренинг өткөрдүк. Ага 1700дөн ашуун адам катышты”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, жакынкы келечекте жеке маалыматтарды коргоонун пайдасына бир катар мыйзамдарды жаңылоо, ошондой эле мындай маалыматтарды ачыктоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча иштерди улантуу пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий