• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкектин Төкөлдөш конушуна газ берилди

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Бишкектин Төкөлдөш конушуна жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында конушта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, 752 кожолук экологиялык жаратылыш газы менен жылытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Иш-чарага Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев, Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов жана конуштун тургундарын катышты.

Пикир

Оставить комментарий