• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленет. Уюштуруу комитети түзүлдү

Маданият 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дирижер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Асанхан Жумакматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү.

2023-жылдын 23-июнундагы министрлер кабинетинин буйругунда көрсөтүлгөндөй, уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

Асанхан Жумахматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

Кызматы орду боюнча:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
- Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
-Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору.

Жекече:
- Бегалиев Муратбек Акимович — Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
-Турапов Керим Ырысалиевич — Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
- Осмонов Болот Салбарович — Асанхан Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин жетекчиси;
- Осмоналиев Рахатбек Муталипович — Асанхан Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин башкы дирижеру;
- Жумахматова Жамиля — Асанхан Жумахматовдун небереси.

Пикир

Оставить комментарий