• 88.68
  • 95
  • 0.95

Музейдеги түн: Кино үйүндө үч тасма көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Эртең, 17-май күнү Музейдеги түн иш-чарасынын алкагында Кино үйүндө үч тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Кино үйүндөгү иш-чара 18:00дө башталат. Анын алкагында Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма", Геннадий Базаровдун "Искусство жөнүндө баян" ("Сказка об искусстве") жана Дальмира Тилепбергенованын "Тен" тасмалары көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий