• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы үч жылда 27 нарколаборатория жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча - 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча - 15.

27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жок кылынып, анын ичинде 11и — синтетикалык, 14ү — кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо.

  • 2021-жылы 4 нарколаборатория, ичинен каннабис -3, синтетикалык -1.
  • 2022-жыл 11 нарколаборатория, ичинен каннабис -4, синтетикалык -7.
  • 2023-жыл 12 нарколаборатория, ичинен кара куурай -8, синтетикалык -4.

Үч жыл ичинде нарколабораторияларды жоюунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 799 килограмм 944 грамм баңгизаттары жана психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.

2024-жылдын отчеттук мезгилинде кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун 3 нарколаборатория аныкталган, алардын ичинен 2 нарколаборатория ИИМдин БМЖККК тарабынан аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий