• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан канча жөлөкпул жана пенсия төлөнгөнү белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова элге канча жөлөкпул жана пенсия төлөнгөнү тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, министрлик ушул жылдын 1-апрелине карата төмөнкү категорияларга пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берди;

• Балдардын жөлөк пулдары – 309 441;

• Жакыр үй-бүлөлөр – 96 002;

• "Балага сүйүнчү" – 31 169;

• Майып балдар – 32 190;

• Улгайгандар – 1 201;

• Баатыр энелер – 143;

• Баккан адамынан ажыраган балдар – 17 733;

• Жетим балдар – 1 145.

Белгилей кетсек, социалдык-психологиялык жардам алуу үчүн 1227 кыска номерине кайрылуу керек.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий