• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Саламаттык сактоо министри “Фарма Нур” фармацевтикалык заводунда болду

Ден соолук 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Фарма Нур" фармацевтикалык заводуна иш сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында министр завод чыгарган дары-дармектердин өндүрүш процесси менен таанышты. Министрге таблеткаларды, капсулаларды жана флакондордо инъекциялык порошок чыгарууга адистешкен өндүрүш участоктору жана лабораториялардын иши тааныштырылды.

"Фарма Нур" ЖЧКсы 30га жакын дары-дармектерди чыгарат, алардын айрымдары эң керектүү дарылардын тизмесине кирген. Мисалы, цефтриаксон, ампициллин, глицин, каптоприл, диклофенак, кетопрофен, азитромицин, димедрол жана башка дарылар.

Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуу калкты сапаттуу, арзан дары-дармектер менен камсыз кылууда маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн фармацевтикалык заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары менен тыгыз кызматташууга чакырды.

"Саламаттык сактоо министрлигинин алдында республика боюнча 40тан ашык мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу боюнча чоң пландар бар, анын аркасында калк сапаттуу жана ошол эле учурда арзан дары-дармектер менен камсыз болот. Бул багытта ата мекендик ишканалар менен кызматташууга кубанычтабыз”, - деди министр.

Өз кезегинде "Фарма Нур" ЖЧКсы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге импортту алмаштыруу стратегиясын иштеп чыгуу жана маанилүү дары-дармектерди чыгарууну көбөйтүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.

"Фарма Нур" фармацевтикалык заводу эл аралык GMP стандартына жана ISO 9000 сериясынын стандартына ылайык курулган. Ишкана Түштүк Корея, Германия, Аргентина жана Кытайда чыгарылган заманбап компьютерлештирилген жабдуулар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий