• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасынын Абу-Дабиге болгон жумуш сапары аяктады

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышты.

Инвестициялык форумдун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Абу-Далинин мураскор ханзаадасы Халед бин Мухаммад бин Заедь Аль Нахаян менен жолукту.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) Башкы катчысы Ребека Гринспан менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы ЮНКТАДды тышкы карызды “жашыл” демилгелерге алмаштыруунун методологиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Дүйнөлүк инвестициялык форумдун алкагында өткөн дагы бир жолугушуу, Акылбек Жапаров менен америкалык финансист, инвестор жана “Bridgewater Associates” инвестициялык компаниянын негиздөөчүсү Рэймонд Далио менен жолугушуусу болду.

Акылбек Жапаров Рэймонд Далиону Кыргызстанга келип кетүүгө, ошондой эле өлкөнүн ЖОЖдорунда лекция окууга, жеке автограф менен МинКаб Төрагасына тапшырган дүйнөлүк бестселлерге айланган “Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери” китебинде баяндаган негизги идеяларын айтып берүүгө чакырды.

Андан ары МинКаб Төрагасы БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри – БАЭ Тышкы иштер министрлигинин БАЭ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу боюнча атайын өкүлү Сухайл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражадагы кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль Сувейди жана Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук кеңешинин иштер боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби менен жолукту.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы жогорулатуу маселелери талкууланды.

Эске салсак, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келген.

Пикир

Оставить комментарий