• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өлкөнүн медициналык уюмдары жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 188,8 млн сом сарпташкан — ММК фондунун төрайымы

Ден соолук 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Өлкөнүн медициналык уюмдары жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 188,8 млн сом сарпташкан. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Боронбаеванын маалыматында, сатып алынган жеке коргонуучу каражаттарды региондор боюнча бөлгөндө:

• Ош облусу жана Ош шаары – 46,1 млн сом,

• Жалал-Абад облусу – 63,0 млн сом,

• Баткен облусу – 6,2 млн сом,

• Нарын облусу – 13,6 млн сом,

• Талас облусу – 3,5 млн сом,

• Чүй облусу – 12,9 млн сом,

• Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом,

• Бишкек ш. – 35,2 млн сом.

"Алсак, 2020-жылдын 26-апрелге карата саламаттыкты сактоо уюмдарында 46 523 даана бир жолу колдонулуучу костюм, 20 797 даана көп жолу колдонулуучу костюм, 58 475 даана респиратор жана 1 110 613 даана бир жолу колдонулуучу беткап бар", - дейт Боронбаева.

Пикир

Оставить комментарий