Эмгек министрлиги: Үч жылда 48 миңден ашуун адам ишке орношту

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/ Кыргызстанда үч жыл ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 48,1 миң жумушсуз кыргызстандыкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт,

Жыл боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

  • 2021-жылы — 15,6 миң адам жумушка орношкон;
  • 2022-жыл — 15,8 миң адам;
  • 2023-жыл — 16,7 миң адам.

Ведомстводон кошумчалашкандай, көрүлгөн чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн мөөнөттө республикада жумушсуздардын саны 8%га кыскарды.

Пикир

Оставить комментарий