• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аламүдүн суусунан изделип жаткан наристенин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда Аламүдүн суусунан изделип жаткан наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга түшүп кеткен наристе бир аптадан ашык убакыттан бери изделип жаткан. Бүгүн издөө ишине ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылган.

Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы "Таштар-Ата" дачасынын аймагынан агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган. Куткаруучулар наристенин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 18-июль күнү Аламүдүн суусуна 2022-жылы туулган К. кызы С. аттуу наристе түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий