• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан жана Азербайжан маданият министрлеринин орун басарлары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов менен жолугушту.

КР Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн буга чейинки жана мындан аркы маданий кызматташтыгын талкуулашты.

Кайрат Иманалиев Азербайжан өлкөсүнүн бай маданиятына токтолуп, кыргыз элинде азербайжан элинин белгилүү акын- жазуучуларынын чыгармалары көп окуларын, ырчыларынын ырларын кыргыз эли көп угаарын билдирди.

Ошондой эле кыргызстандык көп режиссёрлор Узеир Гаджибековдун чыгармаларына кайрылышаарын, атактуу азербайжан композитору Кара Каараевдин чыгармаларын жогору баалашаарын да кошумчалады.

Ошону менен бирге эле Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрүнүн алкагында ар кандай иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда, кыргыз кино жумалыгын уюштуруу, Кыргызстандын искусство чеберлеринин салтанаттуу концерти жана башка иш-чаралар эки өлкөнүн достугун бекемдөө менен бирге эки элдин руханий жакындыгын жогорулата тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми, Азарбайжан маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов жолугушуу абдан маанилүү болгонун, Кыргызстандын маданий тарыхы өтө бай экенин, мындан ары эки өлкөнүн маданий кызматташтыгы бекемделип, өнүгө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий