• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аламүдүндө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 15-декабрда милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын 44 жаштагы К.С. аттуу туругуну бычактан жаракат алып, каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факты Аламүдүн РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 36 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий