• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Раззаков шаарында окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Раззаков шаарында укук бузган 8 окуучу аныкталып, алардын ата-энелерине 8 протокол толтурулду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулардын укук бузуулары Лейлек райондук милиция кызматкерлери тарабынан жаңы жылдык иш-чаралардын алдында күнү-түнү коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш алып баруу учурунда аныкталган.

Милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында Раззаков шаарындагы С.Садыков орто мектебинде окуучулар жана ата-энелер катышкан чоң жыйын өткөрүп, анда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйында балдардын ата-энелерине окуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, саат 22:00дөн кийин көчөгө чыгарбоо, көзөмөлдү күчөтүп, топтошуп мушташуунун алдын алуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жаңы жылдык иш-чараларды кафе-ресторандарда өткөрүүгө жана пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынары эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий