Ош шаарындагы миграциялык абал талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында мигранттардын учурдагы абалы боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, миграция боюнча иш алып барган тиешелүү тармактардын жана кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында Ош шаарында ички миграция агымынан келип жашап жаткан жана чыгып кеткен жарандарга көрсөтүлгөн кызматтар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына миграциянын тийгизген таасири боюнча маалыматтар берилип, 2024-жылда аткарылчу иштер талкууланды.

Жыйынтыгында шаар бийлиги тарабынан миграциялык иш-аракеттерди жүргүзгөн кызматтарга ата-энеси миграцияда болгон, камкорчулукка алынган өспүрүмдөр тууралуу маалыматтарды бириктирген атайын базаны толуктоо, жер-жерлерде кыдырып, каттоо механизмин жакшыртуу, паспорттук көзөмөлдү жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий