• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө эне-бала сууга агып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.23./Кабар/. Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда аял кичинекей кызы менен сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин суу жээгине издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, ага кошумча 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан таап чыгышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Аны издөө бүгүн, 19-июлда улантылмакчы.

Бул боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий