• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Аламүдүндө үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат курулууда

Аймак 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, иш-чарага Чүй облусунун жетекчисинин орун басары Гүлмира Кыштообаева жана Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешов катышты.

Белгиленгендей, айыл тургундарынын саламаттыгын жакшыртуу максатында алты долбоор каралып, “Ихсан Хайрия” коомдук кайрымдуулук фонду менен эки тараптуу меморандумга кол коюлган.

Жаңы салына турган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 9102 жаранга медициналык кызмат көрсөтөт. Курулуш иштери толугу менен аяктаганда заманбап техникалар менен жабдылмакчы. Буга чейин айыл тургундары эски имаратта жайгашкан дарыгерлер тобунун шарты начар экенин айтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий