• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Аламүдүндө наабайчынын акчасын жана телефонун тоноп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда наабайчынын акчасын жана телефонун тоноп кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ф.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 5-мартта саат 04:20лар чамасында Маевка айылындагы наабайканада белгисиз адамдар аны бычак менен коркутуп, “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 10 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган факты тоноо беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 28 жаштагы Т.М. жана 29 жаштагы Э.Б. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий