Бишкек, 02.01.25. /Акназик Тургунбаева- Кабар/. 2025-2026-жылы коррупция толугу менен жок кылынышы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда билдирди.
Ташиев коррупцияга каршы күрөш мындан ары кыйла күч алаарын белгиледи.
"2025-2026-жылдары коррупцияны жеңебиз деген максатты коюп жатабыз. Ушул жылдан баштап мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, президент кол койду. Айып пул алып салынып, коррупцияга шектелип кармалгандар сөзсүз түрмө мөөнөтүн алышат жана жакындары мамлекеттик кызматта иштеген болсо, анда четтетилишет, ал эми өздөрү мамлекеттик кызматта өмүр бою иштей албайт. Дагы бир жолу эскертип жатам, анан ыйлабаңыздар",— деди ал.
Пикир
Оставить комментарий