• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери мэрия 2,3 миң мыйзамсыз обьектти буздурган

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын мэриясы 2 миң 371 мыйзамсыз салынган обьектилерди түрттүргөн. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы 6 айда “Кара жыгач” сейил багындагы жана “Кызыл курулуш” жаңы конушунда жер басып алуулардын алдын алды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү мекемелерге 7 кат жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, “Ак-Өргөдөгү” 0,78 га аянттагы 13 жер тилкеси муниципалитетке кайтарылган.

Күн сайын мэрия кызматкерлери тарабынан муниципалдык жер тилкесин колдонуу көзөмөлдөнүүдө. Мындан улам мэрия тарабынан 2 миң 371 обьект түрттүрүлгөн. Алардын 394 - жеңил, 197 - капиталдык курулуштар, 1миң 780 - жарнама конструкциялары.

Башкармалык тарабынан мындан тышкары, жер тилкесин колдонгондугу үчүн ижара акысын төлөтүү иштери аткарылып, андан 2 млн 600 миң сом чогулган.

Пикир

Оставить комментарий