Александр Крестинин: Биз Кытайга каршы кантип ойнош керек экенин түшүнүп турабыз

Спорт 0

Бишкек, 07.01.19 /Кабар/. Биз Кытай курама командасы менен кантип ойнош керек экенин түшүнүп турабыз. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кытайга каршы оюндун алдындагы пресс-конференция билдирди.

– Эки командага тең кызыктуу жана оор болот. Даярданганга жетиштүү убакыт болду. Бардык командалар жетиштүү түрдө даярдык көрдү. Ошондуктан эчкимге жеңил болбойт.

Ошондой эле Крестинин Кытай биз үчүн күчтүү атаандаш экенин билдирип, бул өлкөдө футбол өтө тез өнүгүп датканын кошумчалады.

– Биз жакшы даярдык көрдүк. Бир нече контролдук беттештирди дагы өткөрдүк, алардык көпчүлүгү Азия Кубогунун катышуучулары. Бизде бул турнирдин деңгээли тууралуу түшүнүк бар, биз ал жакта ойногонго даярбыз, – деди Крестинин.

Эске салсак, Азия чемпионаты Бириккен Араб Эмиратында өтүп жатат. Кыргызстан бүгүн Кытай менен беттешет.

Кыргызстан менен Кытайдын беттешүүсүн "КТРК-Спорт" каналы түз эфирде көрсөтүүдө. Оюн саат 17 Бишкек убактысы боюнча 17:00 башталат.

Азия Кубогунда 24 курама команда катышат. Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий