• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара борбор калаанын 145 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Жаа атуу боюнча мелдешке жалпысынан 74 спортчу катышты. Анын ичинде Казакстандан 11, Түркиядан 3, Ысык-Көл облусунан 16, Чүй облусунан 9 жана Бишкектен 35 спортчу бар.

Турнирдин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий