• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Малайзиянын алдыңкы университети кыргызстандык абитуриенттер үчүн акысыз 20 орун бөлдү

Билим 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Малайзиянын алдыңкы университеттеринин бири кыргызстандык абитуриенттер үчүн акысыз 20 орун бөлдү. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында "Логос" компаниясынын директору Алтынбек Бегалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, академиялык жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттер үчүн билим алуу акысыз, алар болгону жеке чыгымдарына жана тамак-ашына кеткен каражатты өз чөнтөгүнөн төлөйт. "Аталган университетте бул кызматтардын баасы абдан жеткиликтүү", - деп кошумчалады ал.

"Ошондой эле университет студенттик жана академиялык алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Бүгүн кыргызстандык эки ЖОЖ менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда: Кыргыз улуттук университети жана КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы", - деди ал.

Алтынбек Бегалиев баса белгилегендей, Xiamen University Malaysia Малайзиядагы эң алдыңкы университеттердин бири жана Кытайдын мыкты ЖОЖнун кампусу болуп саналат.

Өз кезегинде XMUM университетинин ректору, профессор Ванг Рюфанг билдиргендей, US News тарабынан 2022-жылдагы дүйнөнүн мыкты университеттеринин рейтиннги жарыяланган тизмеге XMU Азияда 41-чи, дүйнөдө 247-орунду ээлеген.

"Xiamen University Malaysia - Куала-Лумпурдун чет жагындагы Бандар-Сунсурияда жайгашкан. Бул Кытай мамлекеттик университети тарабынан түзүлгөн алгачкы чет өлкөлүк кампус. Биздин университет жаш, окуу жай 2016-жылы биринчи абитуриенттерди кабыл алган, бирок ага карабастан бат өсүп келе жатабыз. Азыркы учурда окуу жайда 6,8 миң студент билим алууда. Университет бакалавриат багыты боюнча 22 кесипти, магистардык 9 программаны, искусства, бизнес, илим, техника жана кытай медицинасы багыты боюнча 5 доктордук программаны сунуштайт", - деп түшүндүрдү окуу жайдын ректору.

Окуу жайла билим берүү англис тилинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий