Алгачкы лицензия. Кыргызстандык Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын лыжа тебүү спорту боюнча курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев Пекинде өтүүчү XXIV кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчу "Альп лыжасынын" слалом түрү боюнча квотанын ээси болду. Анын жыйынтыгы Лыжа тебүү спорту боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайтындагы 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.

Максим Гордеев 1995-жылы 1-ноябрда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Лыжа тебүү спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык мелдештердин байгелүү орундарга татыган.

Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндарына 4-20-февралда Пекин шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий