Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо тууралуу маселе каралды.
Бул кызматка депутат Алишер Козуевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 70 депутат колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий