• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алматы облусунда окуучулардын жапырт мушташы башаламандыкка алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Алматы облустук полиция департаменти Панфилов районунун Пенжим айлындагы окуяга байланыштуу "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бир күн мурун аталган аймакта орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары мушташып кетишкен. Алдын ала маалыматка караганда, бир нече окуучу жабыркап, 16 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Полициянын билдиришинче, 27-октябрда кечки саат 8дер чамасында окуучулар арасындагы мушташка катышкандардын биринин үйүнө 30дай адам чогулганы кабарланган.

"Топ киши бир катар жеке үйлөрдүн айнектерин, автоунааларды талкалашкан. Бул факты боюнча "Топ менен жасалган бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп билдирди полиция департаменти.

Маалыматта бул иш боюнча кимдир бирөө кармалган-кармалбаганы, канча үй, канча автоунаа зыянга учураганы айтылган эмес.

Полиция департаменти учурда айылдагы абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Пенжим айылы казак-кытай чек арасына жакын жайгашкан. 2020-жылдагы статистикалык маалыматтарга ылайык, Панфилов районунда 130 миң киши жашайт, алардын үчтөн бир бөлүгүн уйгурлар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий